Планеталар

Содержание

Слайд 2

Планета (грек. πλανήτης — «саякатычы») – өзү жарык чыгарбай Күндүн нурунун

Планета (грек. πλανήτης — «саякатычы») – өзү жарык чыгарбай Күндүн нурунун чагылышынан

жаркырап көрүнүп, анын айланасында кыймылдоочу чоң асман телосу.
Азыркы кезде Күн системасында 9 планета белгилүү: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун, Плутон. Мындан башка бир нече миң кичине планеталар бар. Планеталар Күндүн түрдүү аралыкта жайгашып, анын айланасында эллипс орбитасы бонча кыймылдашат. Күнгө эң жакыны Меркурий, эң алысы Плутон.
Слайд 3

Алар негизинен Марс жана Юпитердин орбиталарынын ортосунда кыймылдашат. планеталар жылдыздар арасындагы

Алар негизинен Марс жана Юпитердин орбиталарынын ортосунда кыймылдашат. планеталар жылдыздар арасындагы

кыймылдарынын өзгөчөлүктөрү бонча жогорку планеталар жана төмөнкү планеталарга бөлүнөт. Ал эми физ. чоңдуктары бонча Жер тобундагы планеталарга (Меркурий, Чолпон, Жер, Марс) жана зор планеталарга (Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун) айырмаланат. Бул эки топтун ар бирине кирген планеталардын орточо тыгыздыгы, өлчөмү, химиялык курамы бонча бири бирине өтө жакын, бирок бир топ экинчисинен жогорудагы чоңдуктар бонча кескин айырмаланат. Плутон эки топтун бирине да кирбейт.
Слайд 4

Меркурий Меркурий - Күнгө жакын турган биринчи планета, ал Айдан бир

Меркурий

Меркурий - Күнгө жакын турган биринчи планета, ал Айдан бир аз

гана чоң, анын орточо тыгыздыгы дээрлик Жердикиндей. Радиолокациялык байкоо жүргүзүүнүн негизинде анын өтө жай кыймылда боло тургандыгы аныкталган. Анын өз огунун айланасында айланышы 58,65 жер суткасын түзүп, Күн айланасында айланышы Т = 88 суткага барабар. Меркурий планетасынын экваторуна күн нуру түшкөн бетинин темп-расы +400°С ден жогору болуп, түнкүсүн ошол эле жердин температурасы –180°С ге чейин төмөндөйт. Анын Күн нуру тийген жеринде коргошун, калай, а тургай цинк металлы да эрип кетет. Ал планетанын бетинде көптөгөн чуңкурчалар (кратерлер) болгондуктан, сүрөтү боюнча Айдын бетинен айырмалоо өтө кыйын. Анын жандоочусу жок.

Меркурий

Слайд 5

Жер АСТРОНОМДОР белгилегендей, эбегейсиз зор Ааламга салыштырмалуу биздин жалпы үйүбүз —

Жер

АСТРОНОМДОР белгилегендей, эбегейсиз зор Ааламга салыштырмалуу биздин жалпы үйүбүз — Жер

— байкалар-байкалбас чекит гана. Анткен менен дал ушу Жерде жашоо үчүн туура шарт түзүлгөн. Чын эле, материалдык Ааламдын башка бир да бурчунан тиричилик табылган эмес.
Мындай кереметтүү планетада жашоо бизге, чынында, ыракат алып келет. Ооба, аяздуу күндөрдүн биринде Күн көрүнүп, жылуу нурун чачса, кимибиз сүйүнбөйбүз. Таң нурдана атса, Күн балбылдап батса, кимибиз суктанбайбыз. Бирок Күн көзүбүздүн кумарын кандыруу үчүн эле чыгып-батып турбайт: анын жарыгына баарыбыздын жашообуз түздөн-түз көзкаранды.
Слайд 6

Марс Марс планетасы - Римдик согуш кудайынын атын алып жүрөт. "Кызыл

Марс

Марс планетасы - Римдик согуш кудайынын атын алып жүрөт. "Кызыл планета"

деп аталышынын себеби — темир оксиди басымдуулук кылганынан планетанын үстү кызгылт түстө. Марс — бул жука атмосферасы бар, үстү айдагыдай кратерлерди жана жердегидей вулкандарды, өрөөндөрдү, чөлдөрдү жана полярдык калпактарды камтыган жер тобунун планетасы.

Марс

Слайд 7

Юпитер Юпи́тер — Күн системасында бешинчи планета. Көөлөмү боюнча эң чоң

Юпитер

Юпи́тер — Күн системасында бешинчи планета. Көөлөмү боюнча эң чоң планета

(Күн системасында). Юпитердин экватордук радиусу 71400 кмге, уюлунун радиусу 66900 кмге барабар. Анын уюлдарынын көбүрөөк кысылганы тартылып алынган сүрөтүнөн да көрүнүп турат. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =2500 см/сек2ка барабар жана Жердикине салыштырганда 2,67 эсе чоң. Бул планетанын өтө кысылганын анын өз огунун айланасында өтө тез айланышы менен түшүндүрүүгө болот. Анын экватордук бөлүгүндөгү айлануусу 9 с 50,6 мин жана орто кеңдигиндеги бөлүгүнүн айлануусу 9 с 55,7 минутаны түзөт.
Слайд 8

Сату́рн — Күн системасында Күндөн аралыгы бонча 6 - планета. Юпитерден

Сату́рн — Күн системасында Күндөн аралыгы бонча 6 - планета. Юпитерден

кийин, экинчи зор планета. Сатурн, Юпитер, Уран жана Нептун газ гиганттары деп классификацияланат. Шакекчеси менен таанымал.
Сатурндун орбитасынын чоң жарым огу 1,43 млрд. кмге барабар, эксцентриситети 0,056, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине жантайышы 2°291. Күндү 9,64 км/сек орточо ылдамдык менен 29,5 жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында айлануусу анын экваторунда 10 саат 14 минутага жана экватордон алысыраак орто кеңдигинде 10 саат 39 минга барабар. Сатурндун экваторунун радиусу 60240 км болуп, көлөмү Жердин көлөмүнөн 770 эсе, массасы Жердикине салыштырганда 95 эсе чоң, андагы эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =1100 см/сек2ка барабар болору жогорку тактыкта аныкталган.

Сатурн

Слайд 9

Уран Уран — Күн системасында жетинчи планета. Зор планеталарга кирет. Диаметри

Уран

Уран — Күн системасында жетинчи планета.
Зор планеталарга кирет. Диаметри бонча Жерден

4 эсе чоң. Көлөмү Жердин көлөмүнөн 61 эсе, массасы жер массасынан 14,56 эсе чоң. Ортодогу тыгыздыгы 1,58 г/см3. Ал Күндөн өтө алыс жайгашкан жана 19,2 астрономиялык бирдик аралыкка жакын орбита бонча айланат.
Уран 84,015 жылда Күндү толук бир жолу айланат. Спектрдик жол менен анын планетасында молекулалуу суутектин жана метандын бар экендиги аныкталган. Уранды 1781-жылы кокусунан У.Гершель ачкан.
Урандын 27 табигый жандоочусу жана шакектер системасы бар. Эң чоң 5 жандоочусу: Миранда, Ариэль, Умбриэль, Титания, Оберон.
Слайд 10

Нептун Непту́н — Күн системасынын сегизинчи планетасы жана бул Күндөн эң

Нептун

Непту́н — Күн системасынын сегизинчи планетасы жана бул Күндөн эң алыс

жайгашкан планета.
Нептун 1846-ж. немец астроному И. Галле жана Генрих д’Аррелер тарабынан ачылган. Күнгө чейин орточо аралыгы 30,06 а.б. же 4500 млн. км.
Нептун орбита бонча 5,4 км/сек орточо ылдамдык менен Күндү 164,79 жылда толук 1 айланып чыгат. Анын диаметри Жердин экватордук диаметринен 3,88 эсе (49500 км), көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе, массасы 17,28 эсе чоң. Орточо тыгыздыгы 1,84 г/см3га барабар, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 11 м/сек2ка жакын. Жылдыз чоңдугу +7m,6га барабар. Н-дун атмосферасынын курамында метан, суутек, гелий бар. Жандоочулары Тритон жана Нереида. Нептун Жерден өтө алыс болгондуктан, аны изилдөө кыйын.