Пиррондун пикири боюнча, философ — бакытка умтулган адам, ал эми бакыт
дегенибиз камырабай жана азап тартып, кыйналбай тынч жашоо болуп саналат. Мындай абалга жетишүү үчүн бир катар суроолорго жооп берүү керек, алар: нерселер деген эмне, биз аларга кандай мамиле жасайбыз, биздин ошол нерселерге жасаган мамилебизден кандай пайда келип чыгат деген суроолор. Пиррондун пикири боюнча, нерселер жөнүндө алар жакшы деп да, жаман деп да, тиги деп да, бу деп да эч кандай белгилүү бир пикир айтууга болбойт. Ар бир нерсе жөнүндө ар кандай пикир айтууга, а түгүл карама-каршы пикир да айтууга болот. Ошондуктан, нерселерге бир гана мамиле болууга тийиш: нерселер жөнүндө кандайдыр бир кесе айтып, ой жүгүртүүдөн кармануу керек.
Бирок, бул, Пиррон үчүн эч кандай анык нерселер болбойт дегендикке жатпайт. Конкреттүү бир адамдын сезимдик таасири скептицизмди пайда кыла албайт деп ойлойт. Эгерде адам кандайдыр бир нерсе ага ачуу же таттуу сыяктанып көрүнсө, ал дал ошондой болушу мүмкүн, бирок мындан бул чындыгында да анык нерсе деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Дал ушул адамдын камырабастыгы келип чыгат, бул болсо эң жогорку бакыт болуп саналат.
Бирок ой жүгүртүүнүн жана турмушка карата мамиленин жогоруда баяндалган ыгы — философ иштиксиз болууга тийиш дегендикке жатпайт, жок, ал дал ушул өлкөдө башка адамдар кандай жашаса дал ошондой эле жашоого тийиш. Бирок ушул өлкөнүн жашоо-турмуш үлгүсүн ал акыйкат үлгүсү деп эсептөөгө тийиш эмес.
Пиррон