Философиялык терминдер

Содержание

Слайд 2

Деизм. Деизм (лат. deus – кудай) – удаалаш эмес материализмдин өзгөчө

Деизм.

Деизм (лат. deus – кудай) – удаалаш эмес материализмдин өзгөчө формасы.
Деисттер

кудай бар экенине,кудай баарын жаратып жана ага закон бергенине ишенет ,бирок андан кийин ал законду четке чыгрып ал законго баш ийууго каршы чыгат.
Слайд 3

Бул термин 1564-ж. христианчылыктын үчилтиктүү кудай тууралуу негизги диний догмасын четке

Бул термин 1564-ж. христианчылыктын үчилтиктүү кудай тууралуу негизги диний догмасын четке

кагуу менен өздөрүн динчил катары көрсөтүүгө далалаттанган антитринитарийлик социниандарды мүнөздөө үчүн алгачкы жолу колдонулган. Кийинчерээк деисттер өздөрүн "табигый диндин" жактоочуларыбыз деп атай баштаган. Мындай диндин негиздөөчүсү болуп 16-кылымдагы француз философу Ж. Боден эсептелет.
Слайд 4

1624-ж. англиялык философ Э. Г. Чербери "Акыйкат тууралуу китеп" деп аталган

1624-ж. англиялык философ Э. Г. Чербери "Акыйкат тууралуу китеп" деп аталган

эмгегинде "табигый диндин" төмөнкүдөй беш негизги жобосун белгилеген:

Керемет Куч жашайт
Ага сыйынуу керек
Ага сыйынуунун негизги каражаттары болуп даанышмандык жана адеп –ахлак саналат.
Кылмыштар менен ыймансыздык окунууну талап кылат.
Оомалуу-токмолуу жалган дуйнодогу оксуктор тигил дуйнодо толукталат.

Бул жоболорго таянуу менен, 17–18-кылымдарда Франция, Англия ж. б. европалык өлкөлөрдө көп сандаган деисттер пайда болгон. Аталган жоболорго ылайык, алар ыймандуу христиандардын мүнөзүн күтүүгө тийиш болушкан. Бирок, алардын арасында чиркөөгө, ырасмий дин окууларына кескин жана ачык мүнөздө чыккан күрөшчүл инсандар арбын эле. Алардын эң көрүнүктүүсү болуп Вольтер саналат.

Слайд 5

Маркстык адабиятта Деизм термини кудайга ишенген, бирок, дүйнөнү илимдин рационалдуу ыкмалары

Маркстык адабиятта Деизм термини кудайга ишенген, бирок, дүйнөнү илимдин рационалдуу ыкмалары

аркылуу түшүнүүгө умтулган философторду белгилөө үчүн колдонулган. Анын өкүлдөрү кудайды тааныганы менен анын функцияларын кескин төмөндөтүшүп, ал функцияларды материяны жаратууга жана материяга кыймылдын алгачкы импульсун берүүгө гана алып барып такашкан.
Слайд 6

Материализм. Материализм (лат. materialis – заттык, заты) – материянын обьективдүүлүгүн, алгачкылыгын,

Материализм.

Материализм (лат. materialis – заттык, заты) – материянын обьективдүүлүгүн, алгачкылыгын, түгөнгүстүгүн

жана жок болбостугун таануучу негизги философиялык багыттардын бири, ал аң-сезимден сырткары жана көз карандысыз болот жана чындыктын алгачкы негизи катары чыгат. Материализм идеализмге карама-каршы. Мазмундуу конфронтация, алардын ортосундагы күрөш тарыхый-философиялык процесстин өзөгүн түзөт. Идеялык агым катары атериализм көп кырдуу
Слайд 7

Материализм термини Готфрид Лейбниц тарабынан ачылган. «Материалистер»- деген созду Эпикурду ачыктаган (салыштырган)

Материализм термини Готфрид Лейбниц тарабынан ачылган.
«Материалистер»- деген созду Эпикурду ачыктаган (салыштырган)

Слайд 8

Материализмдин турлору: маңыроо (стихиялык) Материализм (Лаоцзы, Ян Чжу, Ван Чун, Лопаята

Материализмдин турлору:

маңыроо (стихиялык) Материализм (Лаоцзы, Ян Чжу, Ван Чун, Лопаята мектеби,

Гераклит, Анаксагор, Эмпедокл, Демокрит, Эпикур ж. б.). Материализмдин архаикалык формасы негизги өбөлгөлөрүн, принциптерин рефелкстөөнүн жоктугу менен мүнөздөлөт.

 Метофизикалык Материализм (Ф. Бэкон, Гоббс, Гассенди, Спиноза, Локк) болмуштун же ойломдун кандай өзгөчөлүктөрү абсолютташтырылганына жараша көптөгөн модификацияларга ээ болот.

Вульгардык Материализм (Фогт, Бюхнер, Молешотт) аң-сезимдин социалдык-тарыхый табиятын билмексенге салышат, аң-сезимди мээнин түздөн түз акыркы касиети катары талкуулашат.

Слайд 9

Антропологиялык материализм. Антропологиялык Материализм (Фейербах, Чернышевский) – «үстү жактан» толук курулбай

Антропологиялык материализм.

Антропологиялык Материализм (Фейербах, Чернышевский) – «үстү жактан» толук курулбай калган

деп түшүндүрүшөт. Коомдук реалийлерди чечмелөөдө жаратылыш кубулуштарын түшүнүүгө алып келүү Материализм менен айкалышпайт. 

Диалектикалык материализм.

Диалектикалык Материализм материализм принциптерин диалектикага, анын ичинде коомдук мамилелерди ырааттуу түшүнүүгө алып келүүнү билдирет.

Тарыхый Материализм.

Тарыхый материализм – марксизмдин социалдык-философиялык теориясы. 20-кылымдын ортосунан тартып К. Маркс, Ф. Энгельс, К. Каутский, Г. В. Плеханов, В. И. Ленин, А. Лабриола, А. Грамши жана башка тарабынан иштелип чыккан. Тарыхый материализм коом жана анын тарыхы тууралуу бүтүндөй бир окуунун синоними болуп саналат: анткени анда коом тууралуу философиялык билимдердин дээрлик бардык компоненттери камтылган. Тарыхый материализмдин негизги идеясы материалдык өндүрүштүн коомдун өнүүгү өзүшүндө аныктоочу ролу тууралуу мыйзамында чагылдырылган. Анын негизги мазмунун адамзат тарыхын жалпы жана маңыздуу чагылдырган коомдук-экономикалык формациялардын концепциясы түзөт. Тарыхый материализмдин теориясында төмөнкүдөй үч өңүттү айырмалоого болот:

Слайд 10

Эвгемери́зм. Евгемеризм – «Ыйык жазуу» деген китептин автору, Мессеналык Евгемердин (б.

Эвгемери́зм.
Евгемеризм – «Ыйык жазуу» деген китептин автору, Мессеналык Евгемердин (б. з.

ч. 340–260-к. жакын) атынан алган.
Слайд 11

Дин-эң байыркы падышаларды урматтоодон жана аларга сыйынуудан келип чыккан окуу. Евгемеризм

Дин-эң байыркы падышаларды урматтоодон жана аларга сыйынуудан келип чыккан окуу. Евгемеризм

ошондой эле мифтер менен ишенимдерди кудайлардын жана реалдуу тарыхый окуялардын чагылдырылышы деп түшүндүрөт. Ушул мааниде алып караганда Евгемеризм Грецияда б. з. ч. 5-кылымда эле мифтерди рационалдык сынга алуунун бир варианты катары пайда болгон; маселен гераклеялык Геродор Геракл жана аргонавттардын жүрүшү жөнүндөгү мифтерди эзелки мезгилдеги чыныгы жеңиштердин фантазия аркылуу сүрөттөлүшү деп түшүндүрүүгө аракеттенген.
Слайд 12

Евгемер алыстагы деңиздер боюнча саякаттар, бейиштин төрүндөй Панхея аралы, Панхеянын байыркы

Евгемер алыстагы деңиздер боюнча саякаттар, бейиштин төрүндөй Панхея аралы, Панхеянын байыркы

падышасы Зевстин жазгандары жөнүндө аңгеме жанрында баяндаган. Зевстин ал жазгандарында Панхеянын жасаган жакшылыктары үчүн урмат-сыйга бөлөнүп калышкан кубаттуу жана акылман падышалары Урандын, Крокос менен Зевс тууралуу баяндалган. Евгемер ошол падышалар адамдарды цивилизациянын жетишкендиктери менен кантип тааныштырганын жазып, Зевс ошол максатта жер жүзүн кантип кыдырып чыкканын сүрөттөп калтырган. Евгемер кудайлар менен баатырларга сыйынуу кандайча жаралгандыгын да ушундай эле жол менен түшүндүргөн. Евгемердин чыгармалары римдик акын Энний тарабынан латын тилине которулган.
Слайд 13

Психологизм. Психологизм – адабият менен искусствонун негизги предмети болгон адамды, анын

Психологизм.

Психологизм – адабият менен искусствонун негизги предмети болгон адамды, анын турмуштагы,

жашоодогу жүрүш-турушун, татаал кулк-мүнөзүн адабиятта көрсөтүү. негизги эстетикалык принцип болуу менен Н. Г. Чернышевский айткандай, адабиятта “ар түрдүү багытта көрүнөт:
Слайд 14

бирде мүнөздөрдү, кылык-жоруктарды сүрөттөөдө көрүнсө, экинчисинде коомдук мамилелердин жана турмуштук кагылыштардын

бирде мүнөздөрдү, кылык-жоруктарды сүрөттөөдө көрүнсө,
экинчисинде коомдук мамилелердин жана турмуштук кагылыштардын мүнөздөргө

тигил же бул даражада тийгизген таасиринде,
үчүнчүсүндө сезим менен аракеттердин байланышында,
төртүн-чүсүндө кумарданууларды анализдөөдө көрүнөт”.